"Ак бантик тагып башыңа,
Сурманы коюп кашыңа
Жөнөйсүң мектепке чоң жол менен
Бара жатам артыңда жашынып...".
Бул саптарды билбеген кыргыз болбосо керек. Көптөгөн хит ырларды аткаруу менен 1990-жылдары кыргыз эстрадасына узун чачы, так секирип бийлегени менен жаӊылык киргизген белгилүү шоумен, пародист жана ырчы
Мерген Турган 54 жашка толду. Германияда жүргөн ырчыны куттуктап байланышка чыкканыбызда, ыраазычылыгын билдирип туулган күндүк маанайы менен бөлүшүп, учурда Германияда эмне менен алектенип жатканын айтып берди.
"Бүгүн маанайым абдан сонун. Кудай буюрса, 54 жашка чыктым. Чыгармачылыктан бир аз алыстай түштүм. Бирок азыр жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатам. Кудай буюрса, 3-4 жаңы ыр чыгардым. Германияда жүрүп көп эле ыр чыгардым, бирок даяр боло турганы 2-3 ырым. Учурда Германияда кыргыздар бириккен жерде ырдап жүрөм. Буюрса, бара-бара Европаны кыдырып концерт койсомбу деген тилектерим бар. Андан тышкары учурда немис тилин үйрөнүп жатам", - дейт ырчы.
Ошондой эле ал Эл артисти наамы боюнча да нааразычылыгын айтып, кыргыз элин, кыргыз жерин сагынганын билдирди.
"Кудай жол берген күнү Кыргызстанга барам. Балдарым, неберелерим, туугандарым, дос-тааныштарым менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатам. Кыргызстанды, кыргыз элимди, күйөрмандарымды баарын сагындым. Буюрса, чоң сахнада жолугушчу күндөр бар.
Учурда менде көйгөй болуп жаткан нерсе - Эл артисти наамын алуу. Ушул нерсе жүрөгүмдү өйүп жүрөт. Кудай буюрса, 55 жашка чыкканда берип каларсыздар (күлүп)", - деп кошумчалады ырчы.
Ал 1968-жылы 25-июлда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Арашан жайлоосунда туулган. Ал ырчы катары “Ак бантик” ыры менен белгилүү болсо, куудулдук, пародия жаатында “Дыңкы жеңе” атка конгон.
Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

- "Үнүм эч кимге жеткен жок. 35 жылдык эмгегиң тебеленсе жаман эле болот экенсиң. Өкмөт мага наам бермек түгүл, төшүмө төөнөгүч таккан жок. Мен эле эмес, бир топ улуу муундагы татыктуу адамдар наам албай жүрүшөт. Болгону мен өзүмдүн оюмду айттым. Балам менен тең балдар наам алып жатышат. Алар татыксыз деген жокмун, татыктуу, болгону эрте. Грамота, үй же унаа берсе болот. Эл артисти, Эмгек сиңирген артист деген наамдарды алууга жылдар керек да. Адилетсиз берилгени үчүн сыйлыктардын баркы да кетип калды окшойт. Мени, эң негизгиси, элим сүйөт, элим берген Эл артисти деген наамым бар, ошол мен үчүн чоң жеңиш".

- "Менин чачым Кыргыз Республикасынын баалуулугу деп тамашалап коём (күлүп). Бир ирет ыраматылык апам үйдө гезит окуп отурган. Бир маалда эле "Өлүгүңдү көрөйүндөр десе, асылгандары эле Аскар Акаев менен менин балам!" деп колундагы гезитти ыргытып жиберди. "Акаевдин чачы жок, Мерген Тургандын чачы узун" деп эле жаза беришет экен. Ай, алдырчы алдагы чачыңды!" деп мени урушту. Ошону угуп аябай күлгөм. Анын сыңарындай, менден да чачым популярдуу. Чачымды алып койсом кээ бирлер тааныбай калат. Анын артынан канча сөгүү уктум, канча ийгиликтерге жеттим дегендей.

Жаш кезимде баары "чачыңды ал" деп тажатып жиберишти. Бир күнү концерттин алдында чачымды кыска кылып алдым да, бир кара костюмду кийип сахнага чыгып бийлебей түптүз туруп алып ырдасам эл кол чаппай койду. Анда телефон жок да, бизге кат жазышчу. Кат келди. "Мерген байке, чач кайда? Биз сизди чачыңыз менен күтөбүз. Сиз биздин үмүтүбүздү актаган жоксуз. Алдагы аза күткөндө кийчү костюмуңузду чечиңиз..." деп жазыптыр, ошондон кийин чачымды кыркпай калдым".

- Бир туугандарымдын ичинен өзгөчөсү менмин, себеби баарынын фамилиясы Ырысалиев. Жалгыз мен Турганмын. Мурда мен деле Ырысалиев болчумун, бирок атамдын атын чыгаргым келди. Калгандары чоң атамдын атына жазылып жүрүшөт.
Үйдүн ортончусумун да, анан кичинекейимде ортодо эле жумуш аткарбай жыргап жүрчүмүн. Жумшаса кичүүсүн же улууларын жумшашчу да, мени эмес (күлүп). Анан менден кийинки иним экөөбүз шоктукту ой да бир кылабыз. Айылдын четинде чоң суу агат, киргилт. Жашпыз, үйдөгүлөрдөн жашынып барып жыргап ошого түшөбүз. Денебиздин баары жарылат, үйгө кайтканда улуу эжем вазелинди шыбап туруп шамалга тургузуп коёт. Эми ачышканын айтпа, ошентип 1-2 саат турабыз. Акырында чыдабай чыңырып ыйлап, «экинчи сууга түшпөйбүз» деп сөз берип кутулабыз. Кайдан, кайра эле барып түшө берчүбүз.

Дагы бир окуя эсимден кетпейт. Мен чыгармачылыкка аралашып калганымдан кийин эң улуу агам шаарга келип калды. Мен анда эчак узун чачты коюп алгам. Нарындан андайды көрбөгөн да, далай урушту го «кестир чачыңды» деп. Ал тургай ырларымды да укчу эмес, иши да жок болчу. Өзүм менен өзүм ырчы болом деп туйлаганым туйлаган эле. Азыр болсо бир туугандардын баары колдошот, сыйлашат.
Бир туугандар арасында сый-урмат аябай күчтүү. Улуу агам ата ордун басып калган. Анын айтканын айткандай аткарабыз. Мен да өз кезегинде кичүүлөр туура эмес иш кылса акылымды айтып, туура жол көрсөткөнгө аракет жасайм.
Мерген Турган кыргыз сахнасында көптөгөн пародияларды жаратып келет
. Ал аялдардын образын ийине жеткире аткарып, кыргыз шоу дүйнөсүнүн өнүгүшүнө 30 жылдан ашуун убакыттан бери өз салымын кошуп келет.