Ысык-Көлдө эркек киши сууга чөгүп каза болду

Ысык-Көлдөгү "Кейсар" эс алуу борборунун пляжында эркек киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июль күнү саат 14:10 чамасында "Кейсар" эс алуу борборунун пляжында эркек кишинин сууга чөгүп кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Сууга чөккөн жаран 1971-жылы туулган Ош шаарынын тургуну болгон.

Ал Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, эсине келбей каза болгон. Аталган факты боюнча экспертиза дайындалып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан