Ысык-Көл районунун Тамчы айылында жол кырсыгы катталып, жөө жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-июль күнү саат 22:00 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Тамчы айылында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анда Бостери айылынын тургуну 1984-жылы туулган Т.Н. өзүнө тиешелүү Тойота-Клюгер унаасын батыш тарапка башкарып бара жатып капысынан жолго чыга калган жөө адамды сүзүп алган.
"Ал Чүй облусундагы Кичи-Кемин айылынын тургуну 2011-жылы туулган К.Д. экени белгилүү болду. Натыйжада жөө жүрүүчү алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болду", - деп айтылат маалыматта.