Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 8 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Гүлистан айылынын 1971-жылы туулган Х.А. аттуу тургуну. Ал 2014-жылы Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Ормош айылында наабайканада нан жаап иштеп жүрүп, наабайкананын ээсине бычак сайып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.
"Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылган маалыматта.