Нарындагы 2400 чарчы метр жер тилке мамлекетке кайтарылды

Нарын шаарындагы 2400 чарчы метр жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаардык прокуратурасы тарабынан аталган аймактагы 2400 чарчы метр жер тилкеси 2000-жылы мыйзамсыз түрдө Ж.Б. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

"Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, жогоруда көрсөтүлгөн 3 миллион сомдон ашык бааланган 2400 чарчы метр жер тилкеси Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан