Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
"2015-жылдын 8-сентябрында Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен Чок-Тал айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан 10 гектар жайыт жер тилкеси жеке жарандын менчик укугу болуп таанылып, “Кадастр" мамлекеттик мекемеси тарабынан мамлекеттик актысы берилип, андан соң жарандык бүтүмдүн негизинде үчүнчү тарапка өткөрүлүп берилген.
Жогорудагы соттун чечимине карата Ысык-Көл райондук прокуратурасы апелляциялык сунуш келтирип, Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен райондук соттун 2015-жылдын 8-сентябрындагы чечими жокко чыгарылган", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Сатуу-сатып алуу келишимин жокко чыгаруу жана 6 миллион 577 миң сомго бааланган 10 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан прокурордук актылар келтирилип, аларды кароонун натыйжасында жер тилке Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылган.