Ош шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кырсык 26-июлга караган түнү Гапар Айтиев көчөсүндө болгон.
"Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаа Гапар Айтиев көчөсүндө катуу ылдамдык менен бара жатып жолдун оң тарабында турган жарнама илинген түркүктү сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.