Сокулукта эки Mercedes Sprinter толугу менен өрттөнүп кетти (фото)

Чүй облусунун Сокулук районундагы унаа оңдоочу жайда эки Mercedes Sprinter толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Эркин-Тоо конушунун Э.Иманалиев көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдын (СТО) 80 чарчы метри, ичиндеги шаймандары жана Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү 2 унаа толук өрттөнгөн. Жерине 1 бөлүм тартылып, саат 19:49да өрт чектөөгө алынган. Өрт саат 20:39да толук өчүрүлгөн. Такталган маалыматка караганда жабыркагандар жок", - деп билдиришти ӨКМдан.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан