Биз сүйүп жеген тез татымдардын "падышасы" гамбургер качан пайда болгонун билесизби же дүйнөдө гамбургерге арналган эстеликтер бар экенин уккансызбы? Гамбургер тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз.
- Мындан 122 жыл мурун, 1900-жылы 27-июлда Луи Лессинг аттуу америкалык гастроном Коннектикут штатындагы өзү төрөлгөн Нью-Хейвен шаарында дүйнөдөгү биринчи гамбургерди саткан. Ал эки тоголок булочканын ортосуна немис бифштексин коюп, соус жана салат жалбырагын кошкон.
Гамбургерлер 1904-жылы Миссури штатынын Сент-Луис шаарында өткөн дүйнөлүк көргөзмөдөн соң калың элге аты тараган.
- 1930-жылдардын башында Канзас шаарынын тургуну Уолтер Андерсон "White Castle Hamburger" деп аталган тез татымдар тармагын ачып, анын негизги тамагы гамбургер болгон.

- Гамбургерге арналган бул эстелик Кытайдын Шэнъянь шаарына 2015-жылы орнотулган. Салмагы 2 тоннаны, узундугу 10 метрди түзгөн эстелик шаардын борбордук бөлүгүн көрккө бөлөп турат.
27-июлга карата жылнаама.