Новосибирскте 27 жаштагы Тажикстандын жараны кызганычтан улам 17 жаштагы кызды көчөдөн бычактап салды. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 26-июль күнү кечинде Новосибирск шаарынын Лесочная көчөсүндө болгон. Анда Тажикстандын жараны кызганычтан улам 17 жаштагы сүйлөшкөн кызын кубалап келип жерге жыгып, андан кийин 15 жолу бычак сайып, качып кеткен. Кыз алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми шектүү шаардын башка аймагынан изи сууй электе кармалган.
Кармалган жаран Тажикстандын жараны болгон. Ал жүк түшүргүч болуп иштечү. Анын Орусияда 2023-жылга чейин убактылуу каттоосу бар экендиги аныкталган.