Бүгүн, 27-июлда Бишкектеги Горький сейил багында ата-энелер №61 мектептин директору Юрий Низовскийди өз ордунда калтырууну талап кылышып, митингге чыгышты.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, акцияга чыккандарды министр Алмазбек Бейшеналиев кабыл алды.
"Министр жумушка келе жатканда мекеменин алдында акциянын өкүлдөрү чогулуп турушуптур. Алардын басымдуу бөлүгү №61 мектептин окуучуларынын ата-энелери менен мугалимдер жамааты экен. Министр алар менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн кабинетине алып кирди. Анда акцияга чыккандар Юрий Низовскийди өз ордунда калтырууну талап кылышты. Министрлик бул президенттин буйругу болгонун, ал аткарылууга тийиш экенин айтты", - деп билдиришти министрликтен.