"Кыргызкурорттуризм" башкармалыгынын жетекчисинин орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Коррупция фактысы боюнча Кыргызстан профсоюздар федерациясына караштуу “Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Кыргызкурорттуризм" башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон А.М.Д аттуу жаран 2012-жылдан 2021-жылдар аралыгында Кыргызстан профсоюздарынын Жалал-Абад санаторийинин директору кызматында иштеп жаткан учурунда мекемеден мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алып чыгуу жана жеке баюу боюнча кылмыштуу схеманы уюштургандыгы аныкталган.

"Кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында аталган А.М.Д. көрсөтүлгөн убакытта Жалал-Абад санаторийине 42 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Азыркы учурда шектүү жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан