Нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көлдүн айрым айылдарын суу каптады (сүрөт)

Кечээ, 29-июлда нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен Ысык-Көл облусунун айрым айылдарын суу каптады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында жазылат.
Маалыматка караганда, Түп районунун Балбай, Күрмөнтү айылдарында сел жүрүп турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду, эгин талааларды каптаган. Жерине айыл өкмөтү тарабынан 3 техника тартылып, суунун нугун жаап беришкен. Ал эми тазалоо иштери бүгүн улантылууда.
Ошондой эле Каракол капчыгайынын 2 тилкесинде сел таш-шагыл аралаш жүрүп, 2 көпүрөнү жаап калган. Бүгүн оор техниканын жардамы менен тазаланары маалымдалат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан