Боом капчыгайында бир тараптуу ачылган жолдо унаалар өтүүдө (видео)

Боом капчыгайында селге байланыштуу жабылган унаа жол бир тараптуу ачылып, унаалар кезек менен өтүүдө. Бул тууралуу жеринде жүргөн кабарчыбыз билдирди.

Бир тараптуу ачылган жолдон кезектешип эки тарапка, тактап айтканда Бишкек–Балыкчы –Нарын жана Балыкчы– Нарын–Бишкек каттамына кезек-кезеги менен унаалар өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00 чамасында Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, кокту-колоттон түшкөн кум-шагыл жолду бөгөп калган. Буга байланыштуу жол эки тараптуу жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан