Лионель Месси карьерасындагы 41-трофейдин ээси болду

Аргентиналык футболчу, Франциянын "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Месси футболдук карьерасындагы 41-трофейдин ээси болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Израилдин Тель-Авив шаарында өткөн Франциянын Суперкубогунда "ПСЖ" клубу "Нант" клубун 4:0 эсебинде жеңип алды. Бул оюндагы жеңиш Мессиге 41-трофейди алып келди.

Бул көрсөткүч менен Месси трофейлердин саны боюнча экинчи орунга жайгашты. Биринчи катарда "Барселона" клубунун оюнчусу Дани Алвес (46 трофей) турат. Ал эми үчүнчү орунга каталондук клубдун оюнчусу Андреас Иньеста (39 трофей) жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан