Акыркы сутка ичинде республика аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы болгон. Өрт кырсыгынан каза тапкандар жок.