Чүй облусунун Сокулук районунда дыйкандар сугат суунун айынан мушташып, бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кырсык 1-июль күнү болгон. Анда бир айылдын тургундары Ж.И. жана бир туугандар Т.Э, Т.Э аттуу жарандардын ортосунда жаңжал чыгып, Ж.И. денесинен жаракат алган.
Ошол эле күнү Ж.И. аны сабаган бир туугандардын үйүнө барып, сүйлөшүп жатып экөө кайра мушташа кеткен. Ошондо айылдын башка жашоочулары дагы Т.Э. аттуу жаранды сабап салышкан. Андан кийин Т.Э. үйүнө чуркап киргенде анын бир тууганы бычак алып чыгып, караңгыда адамдарды көздөй шилтеген. Андан 1955-жылы туулган Т.Ж. аттуу адам жаракат алып ооруканага түшүп, 3-июлда каза болгон.
Шектүү кармалып Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.