"Эртеңки күнүм жарк этти". Түркияда бөйрөгүн алмаштырган актёр Нуржаасын Жумагулов ооруканадан чыкты

Түркияда бөйрөгүн алмаштыруу операциясын жасаткан актёр Нуржаасын Жумагулов ооруканадан чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, актёр бүгүн, 1-августта ооруканадан чыккан.

"Ошентип тагдырдын жазмышына көнүп башка салган сыноону көтөрдүк. Кудайдын кудурети, элибиздин ак батасы, дубасы, апакемдин теңдеши жок энелик сүйүүсү менен кеселди жеңип келе жатабыз. "Дартты берген дабаасын да берет" деген чын экен. Кереметтүү жерден мекендеген кең пейил, боорукер элимдин көмөгү менен эртеңки күнүмдүн жарыгы жарк этип жанды. Ар бириңиздерге терең таазим! Ар бир секунд сайын сиздердин колдооңуздарды сезип турдум. Ошол мага дем болду, жараатыма эм болду.

Чогулган акча толугу менен операцияга жетип кайра дарылануубуз үчүн да керек болгон каражатыбыз бар. Бул акчалар ар бириңиздердин маңдай териңиздер менен табылган жана ак дилиңиздер менен чогулган акча. Ар бириңиздерден Алла Таалам ыраазы болсун. Сиздерге Аллахым эки эселеп берсин.

Атам көрбөгөн жерге келип өмүрүмдүн бүлбүл жанган жарыгын жарыктандырып, шаңына шаң кошуп кетүү мүмкүнчүлүгүн алыптырмын. Операциянын ийгиликтүү өтүшүн камсыздаган бардык алтын колдуу доктурларга таазим кылам! Канча өмүрлөр илгери үмүт менен келип ушул жерден шыпаасын таап кетет. Жараткан бизди да ошол шыпаа табуучулардын катарына кошкон экен. Ошого себепчи болгон ак халатчандарга даңк!

Бүгүн ооруканадан чыктык. Эми август айы контрольдо болуп турабыз", - деп жазды актёр.

Белгилей кетсек, 28-июнда Кыргыз драма театрында актёрго колдоо көрсөткөн кайрымдуулук концерти өткөн. Актёрго апасы же бөлөсү донор болору белгилүү болгон.

17-июлда бөйрөгүн алмаштыруу үчүн Түркия өлкөсүнө учуп кеткен. Операция 21-июлда жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан