Германиянын Ганновер шаарында кыргыз кызын унаа сүзүп кеткен. Учурда студентти мекенге кайтаруу иштери жүрүүдө.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсыкка кабылган кыргызстандык кыз Германияда жайкы студенттик программа боюнча убактылуу жүргөн.
Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн аны менен Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин консулу жолуккан. Кыз жана аны менен болгон башка студенттер көчөдөн уруксат берилбеген жерден өтүп баратканда полициянын унаасы сүзүп кеткенин айтышкан.
Жабырлануучу кыз ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, учурда анын абалы туруктуу, баш мээси чайкалган.