Ош шаарынын Базар көчөсүндө жайгашкан "Алтын базардагы" соода орундары үчүн 2 жылдан бери акы төлөнбөй келген. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, атайын тариф боюнча кичи базар деп белгиленип, ай сайын 292 миң 32 сом болгон. Бирок 111 миң 608 сом гана көрсөтүлүп, 2 жылдан ашык мөөнөттүн ичинде бул акча да казынага түшкөн эмес.
Бул Ош шаардык муниципалдык башкармалыгы тарабынан аныкталгандыгы жана учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, ай сайын көрсөтүлгөн сумманы эсепке алганда 2 миллион 678 миң 592 сом, ал эми төлөшү керек болгон сумманы эсептей турган болсок 7 миллион 8 миң 768 сом ижара акысы төлөнгөн эмес.