Бишкекте 18 жаштагы жарандан 1,3 килограмм баңгизат табылды (видео)

Бишкекте 18 жаштагы жаран баңгизатын сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Милицияга Бишкек жана Ош шаарларында баңгизат тараткан жаран боюнча материал келип түшкөн. Кызматкерлер шектүүнүн аты-жөнүн аныктап, аны кармашкан. Борбор калаанын 18 жаштагы тургунунан 1 килограмм 342 грамм марихуана алынды", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча баңгизатты мыйзамсыз даярдоо жана сатуу беренеси менен кылмыш иши ачылган. Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Баңгизат сатууга шектелип кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан