Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы наристени 18 куткаруучу издөөдө

Бүгүн, 2-августта Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери Балыкчы шаарынан Тору-Айгыр айылына чейин уланат.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 4 суучул, Чүй облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 4 суучул, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Ысык-Көл райондук №31 өрткө каршы бөлүмдөн 1 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 1 кызматкер дрону менен издейт.

Ал эми Тоң райондук №38 ӨКБдан тартылган 4 куткаруучу Ак-Дөбө айылынан Боз-Бешик айылына чейин издөөгө алат.
Жалпы 18 куткаруучу көл үстүнөн, суу түбүнөн, жээктерден издешет.
Белгилей кетсек, 18-июль күнү 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан.
Ысык-Көлгө чөккөн 4 жашар кызды издөө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан