Таэквондо ITF боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Дүйнө чемпиондугунда 6 медаль жеңишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчулар Нидерландынын Амстердам шаарында 29-31-июль күндөрү болуп өткөн мелдеште 2 алтын жана 4 күмүш байгени багынтышты. Анда 12-13 жаштагылар арасында, 45 килограмм салмакта Диана Ким жана 14-17 жаштагылар арасындагы 60 килограмм салмакта Искак Аскарбеков 1-орунду ээлешти.
Ал эми өспүрүмдөр арасында 50 килограмм салмакта Владимир Хегай күмүш медаль, чоңдор арасында Айканым Асаналиева (50 килограмм), Алтынай Рыскулова (55 килограмм) жана эркектер арасында Артём Прибытков (76 килограмм) күмүш медалдын ээси болушту.