Жогорку Сот "Сакал" каймана аттуу кримтөбөл Улан Токтосуновдун ишин кайра кароодон баш тартты

Бүгүн, 2-августта сот кримтөбөл, "Сакал" каймана аты менен таанымал Улан Токтосуновдун ишин кайра кароодон баш тартты. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Сот Улан Токтосунов тууралуу кылмыш ишин жаңы жагдай боюнча кайрадан кароо жөнүндө Жазаларды аткаруу кызматынын 24-мекемесинин башчысынын сунушу жана соттолгон У.Токтосуновдун арызын канааттандыруудан баш тартты. Өкүм күчүндө калтырылды”, - деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, 2015-жылдын 27-апрелинде түнкү саат 23:00 чамасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Дамирбек Сапарбековду атып кетишкен. Ал алган жаракатынан улам каза болгон. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин «Адам өлтүрүү» боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка тиешеси бар делип кармалган шектүүлөрдүн арасында Токтосунов да болгон.

2016-жылдын декабрь айында Биринчи Май райондук соту аны бир нече беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, күчөтүлгөн режимдеги колонияда 17 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан