Пелоси Тайванга жетти: Кытай Тайвандын жанында 4 күн машыгуу өткөрөрүн жарыялады
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси бар делген учак Тайванга жакындап, акырындан ылдыйлап жатат. Мындай маалымат телеграмм каналдарга жарыяланды.
Учурда Пелоси отурган делген учак Тайванга жакындап, акырындан бийиктигин ылдыйлата баштады. Өз кезегинде Кытайдын Су-35 истребителдери Тайван кысыгынан өтүп, Тайбэйди көздөй учуп бара жатканы кабарланды.
Пелосини бар делген учакты онлайн карап отурган адамдардын саны 600 миңден ашты. Учак бир нече мүнөттөрдөн кийин Тайбэйдеги аэропортко конушу күтүлүүдө.
Ак үй АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Пелосинин Тайванга сапары Кытайдын эгемендигин бузуу эмес деп билдирди.
Кытайдын куралдуу күчтөрү Тайвандын тегерегиндеги деңиздин алты аймагында төрт күндүк аскердик машыгуу өткөрөрүн жарыялады.
Тайвандын баш калаасындагы эң бийик асман тиреген имаратта Нэнси Пелоси менен бир нече тилде саламдашуу болду.
Имараттын фасадында жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө бир нече тилде "Тайванга кош келиңиз", "Тайванга чексиз колдоо", "Тайвань менен АКШнын ортосундагы түбөлүк достук" деген жаркыраган жазуулар пайда болду.
Өз кезегинде Кытайыдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин Тайванга болгон сапары Кытайдын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузуу экенин белгиледи. Ошондой эле, Пелосининин бул сапары от менен ойноо экенин билдирген Кытай бийлиги.
Тайвандагы эки делегациянын тарыхый жолугушуусу. Делегация өкүлдөрү аэропорттон чыгып кеткени айтылды.
Кытай Тайвань багытына учуучу учактар үчүн аба мейкиндигин жаап жатканын Кытайдын өкмөттүк органдарына шилтеме берүү менен маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Нэнси Пелоси Тайбэй аэропортуна конгон учактан түштү.
Пелоси бар делген учак Тайбэйдеги аэропортко конгону кабарланды.
Тайбэй аэропортунун жанында Нэнси Пелосини отурган учактын конушун жүздөгөн адамдар күтүп турат.
кошулду

Байден даана оорулуу окшойт.Украинаны крайний кылганы аз келгенсип,эми Тайванды озунун оюнуна туртуп жатабы ?Тайван дагы азыркы Украинанын акыбалына тушот .Тынч эле журуш кк эле ,болгондо да Китай мн ойношпой
Ар кайсы сайттарда бизди орустарга каршы мазмуундагы билдируулор жана батыштын идеологиясын колдогон билдируулор кобойду.
Биз ар кандай политикалык интригадан нейтралдуу мамлекетпиз ушуну унутпагыла!!!