
Бишкектин чок ортосунда жаңы салынып жаткан көп кабаттуу имараттан чыккан
өрт толук өчтү. Бул туурасында ӨКМдан кабарлашты.
Ага ылайык, өрт саат 21:44тө чектөөгө алынып, 23:45те толук өчүрүлдү.
14 кабаттуу имараттан чыккан өрттү өчүрүүгө 45 куткаруучу, 7 бөлүм тартылды.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.
Кошумча маалымат берилет.