Ысык-Көлдө жол кырсыгынан айдоочу жана 2 жүргүнчү көз жумду

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 2-августта саат 15:20 чамасында Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда болгон.

Анда Опель-Зафира үлгүсүндөгү унаанын 21 жаштагы айдоочусу, Кара-Балта шаарынын тургуну күн чыгыштан күн батышты карай бара жатып (Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосу) рулду башкара албай калып ала салып кеткен.

Натыйжада 40 жаштагы жана 56 жаштагы 2 жүргүнчү көз жумду. Айдоочу жана 21 жаштагы жүргүнчү Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Тилекке каршы, айдоочу жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей көз жумду.

Бул окуя Ысык-Көл РИИБинде катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан