Бүгүн, 3-августта Инстаграм, ютуб блогери Эльдана Форайстын (Сатыбалдиева) туулган күнү. Ал 1995-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Социалдык тармакка жашоодо болгон күлкүлүү окуяларды, шоу-программаларды туураган, стереотиптер тууралуу вайндарды тартып популярдуулукка жеткен.
Бишкектеги Кыргыз-Түрк лицейин аяктагандан кийин Малайзиядагы Тейлорс университетинде (массалык байланыш жана реклама факультети) билим алган. Окуусун бүткөндөн кийин Казакстанга кеткен. "Азия микс" КВН командасы менен бирге оюн көргөзгөн.
Атактуулук жолу 2014-жылы башталган. Учурда анын ютуб каналында 380 миңден ашык катталуучусу бар. Ал эми Инстаграмда миллиондун тегерегинде катталуучу чогулта алган. Клиптерге да тартылган. Алардын айрымдары: «Борис» (Майская опухоль, 2017), «Чтобы ты» (Hakuna Matata, 2017), «Токалочка» (Yans, 2018).
Вайн тарткандан тышкары айлана-чөйрөнү коргоодо ыктыярчылык кылат. Гитарада ойноп, йога менен машыгат.
Эльдананын ата-энеси турмуштун айынан 2 жолго түшкөн. Атасы мурдагы башкы прокурор, экс-президенттин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын президенти Эльмурза Сатыбалдиев. Эльзар, Элима, Эльхан жана Эльман аттуу бир туугандары бар.
Эльдана тууралуу фактылар:
1. Эльдана анын эркиндиги жана жаштар арасындагы популярдуулугу анын комплекстеринин, ички социалдык фобиясынын натыйжасы деп эсептейт.
2. Табиятынан интроверт. 2016-жылы белгисиз адамдар блогердин аккаунтуна кирип, 700дөн ашык видеосун өчүрүп салышкан.
3. Өспүрүмдөр үчүн сексуалдык темада лекцияларды өткөрөт.