Бүгүн, 3-августта президенттин кеңешчиси болуп Алтынбек Жумаев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Жумаев президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматын аркалап келген.