Сузак районунда апасы кызын себепсиз урган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-июль күнү саат 10:00 чамасында Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында апасы өзүнүн эки кызын себепсиз эле уруп койгон. Бул окуя боюнча кыздардын атасы арыз жазган.
Белгилүү болгондой, кыздардын ата-энеси чогуу жашабайт, ортодо келишпестиктери болгон.
Топтолгон материал "үй-бүлөлүк зомбулук" болуп катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Эсиңиздерде болсо, кечээ, 2-августта социалдык тармактарга апасы кыздарын уруп жаткан видео тараган.