Оштогу таштанды полигонунда киши өлтүрүп качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 28-январь күнү Ош шаарынын таштанды таштоочу жайынан киши колдуу болгон жарандын жансыз денеси табылган.
Шектүү жасаган кылмышын моюнуна алып, маркумду 2 жолу бычактап, изин жашырып кеткендигин билдирди. Өз ара жаӊжал 3 бөтөлкө аракты ичип бүткөн соӊ чыккан.
Маалым болгондой, маркум менен шектүү өз ара тааныш болгон. Ош шаарынын таштандыларды таштоочу жайында түстүү металлдарды издешип, тапкандарын атайын пункттарга тапшырып жан багып турушкан. Окуя дагы таштанды таштоочу жайда 28-январда түнкү саат 01:00 чамасында болгондугу анык болду. Окуядан соӊ шектүү тез арада Ош шаарынан качып чыгып, Өзгөн районунун, Бишкек, Жалал-Абад шаарларынын аймактарында, Суусамыр өрөөнүндө изин жашырып жүргөн. Ал Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну болгон.
Учурда Ош шаардык тергөө кызматы тарабынан 122-берене боюнча тергөө иштери уланууда.