Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, кечээ издөө ишинен натыйжа болбогондуктан, бүгүн 4 жаштагы наристени издөөгө жалпысынан 30 куткаруучу тартылды. Бүгүн алар көл жээктеринен, суу түбүнөн жана аймактарга бөлүнүп издешүүдө.
Сууга чөгүп кеткенине 16 күн болгон кызды издөөгө Тору-Айгыр айылына ӨКМнын Суучулдар кызматынан 13 суучул, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 2 куткаруучу, Кочкор райондук №42 ӨКБдан 5 куткаруучу, Нарын райондук №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылды.
Эске салсак, 18-июлда 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан.