Бүгүн, 3-августта борбор калаадагы тойканалардын биринде актриса Айгерим Саматованын кыз узатуу тою өтүүдө. Актриса Мадияр Русланов аттуу чыгармачылык чөйрөдөгү жигитке турмушка чыкты.
"Тойго даярдыктын 90 пайызын жарнамага бүтүрдүк. Негизинен көпчүлүгү өздөрү сунушташты. Даярдануу жактан кыйналган жокмун. Досторум дагы жардамдашып кыйынчылыкты деле сезген жокмун", - дейт Айгерим Саматова.
Эскерте кетсек, 19-июлда "Кыска тамаша" долбоорунун резиденти, актриса Айгерим Саматованын сүйүктүүсү колун сураган. Айгерим Саматова "Кайнене", "Кайнене 2" тасмаларында роль жаратып, бир катар клиптерге да тартылган. Тойдон репортажды ютуб каналдан көрүңүздөр.