Армениянын унаа номуруна Кыргызстандын желегин чаптап алып айдап жүргөн Honda Stepwgn унаасынын айдоочусуна 10 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
"Кайгуул кызматкерлери тарабынан Армян номурлуу унаалар текшерилип, унаанын номуруна кошумча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун чаптап алган унаалардын баарына 10 миң сомдон айып салуу менен сыйрып алынууда", - деп кошумчалашты кайгуул кызматынан.
Буга чейин ушундай эле факты менен Лексус унаасынын айдоочусуна айып пул салынган.