Кытай менен Кытайдын тиреши же курчоодо калган Тайвань аралынын таржымалы

Тайвань – бул өлкөнүн аты эмес, Тынч океандын батышындагы Кытайдын түштүк-чыгыш жээгинен чамасы 160 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан арал. Ал эми өлкөнүн расмий аталышы - Кытай Республикасы. Бирок биз билген кошуна Кытай өлкөсү эмес. Акыркы убакта дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда болуп жаткан, эки ири державанын ортосунда абалдын чыңалуусуна себепчи болгон Тайвань аралы же Кытай Республикасы тууралуу алдыда кенен баяндайбыз.

Тайвань – Кытай тарыхы

17-кылымдын аягында Кытайдын Цин династиясы буга чейин абориген падышалыктары менен европалык отурукташуучулардын, эң негизгиси голландиялыктардын ортосунда бөлүнгөн Тайванды расмий түрдө аннексия кылып, өзүнө каратып алган жана эки кылымдай башкарган. 1895-жылы биринчи Кытай-Япон согушунда Кытай жеңилип калгандан кийин айрым аймактарын, анын ичинде Тайвань аралын дагы Японияга тарттырып жиберген. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин арал кайрадан Кытайдын карамагына өткөн.

Кытай Республикасынын экиге бөлүнүшү

Кытайдагы коммунисттер менен Гоминдан өкмөтүнүн ортосундагы жарандык согушта 1949-жылы ошол кездеги кытай өкмөтү жеңилүүгө учурап, эки миллиондой адам менен бирге Тайванга качууга аргасыз болушкан жана Тайбэй шаарын өздөрүнүн убактылуу борбору кылып жарыялашкан. Ал эми коммунисттер болсо көпчүлүк билген азыркы Кытайды, тагыраагы Кытай Эл Республикасын курушкан.

Азыркы тапта Кытай Республикасы (Тайвань) формалдуу түрдө Кытайдын (КЭР) курамына кирет. Бирок иш жүзүндө өзүн өз алдынча мамлекет деп эсептейт. А түгүл, бүтүндөй Кытайды (КЭР) өзүнүн өлкөсү деп санайт. Ал эми Кытай (КЭР) Тайванды өзүнүн провинциясы деп эсептейт.

Тайвань менен алака (Кытай Республикасы)

Кытай Республикасын (Тайвань) Бириккен улуттар уюмуна мүчө 17 гана мамлекет эгемендүү өлкө катары тааныган. Анткени Тайванга ачык колдоо көрсөткөн мамлекеттерди Кытай “өзү менен тирешип” жатат деп эсептейт жана алакасын үзгөнгө чейин барат. Ошондуктан көпчүлүк өлкөлөр өзүнө кимиси пайдалуураак болсо, ошол мамлекет менен мамиле курушат.

Бүгүнкү Тайвань

Тайвань Чыгыш Азиядагы жарым-жартылай таанылган мамлекет. Аянты 36 миң чакырым квадрат. Борбор шаары - Тайбэй. Өзүнүн акча бирдиги (тайвань доллары) бар. Тайвань – экономикалык жактан жогору өнүккөн аймак. ИДПнин көлөмү 717,7 млрд АКШ доллары (2009-жылы). Аны киши башына бөлүштүргөндө 29,8 миң доллардан туура келет. Жаратылыш газы, таш көмүр, нефть, алтын кени бар. Өлкөнүн азыркы президенти - Эгемендүүлүктү жактаган Демократиялык прогрессивдүү партиянын талапкери Цай Инг-вэн 2016-жылдын январында президенттик шайлоодо жеңип, май айында кызматка киришкен.

Калкы

Калкынын саны 23 миллиондон ашуун. Тайвандын калкы төрт этникалык же субэтникалык топтордон турат: абориген элдер, Тайвандыктардын эки тобу — фукиен-тайвандыктар (фукиендиктер) менен хаккалыктар жана 1940-жылдардын ортосунан баштап материктик Кытайдан келген кытайлар. Бүгүнкү күндө Хакка жалпы калктын 15 пайызга жакынын түзөт. Фукиен Тайвандыктар Тайвандагы көпчүлүк этникалык топ болуп саналат, анын тургундарынын 65 пайызын түзөт.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Кытайдын ар кайсы аймактарынан кытайлар Тайванга барышкан, анткени Япониянын колониялык өкмөтү жана япон ишкерлери менен дыйкандары ал жактан кетип калышты. Жаңы келгендер материктик кытайлар же акыркы кытай иммигранттары деп аталып калышты. 1949-жылы Мао Цзэдундун тушундагы кытай коммунисттери Чан Кайши баштаган улутчулдарды талкалагандан кийин дагы көптөгөн кытайлар Тайванга барышкан. Чан өзүнүн саясий партиясын, өкмөтүн, аскерлерин жана ошол учурда качып кете алгандардын баарын Тайванга алып кеткен. Бирок ошол мезгилде материктин башка бөлүктөрүнө караганда Кытайдын түштүк жээгинен келген кытайлар көбүрөөк болушкан. Материктик кытайлар Тайвандын калкынын 15 пайызын түзөт. Жалпылап айтканда калктын 95 пайыздан ашыгы кытайлар болсо, калган азчылык аборигендер. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин материктик Кытай башкарган өкмөт кытай тилин расмий тил кылган.

Дини

Аборигендер табиятка сыйынууну жана башка жергиликтүү диний ырым-жырымдарды карманышат. Кытайлар Тайванга буддизм, даосизм (даосизм) жана конфуцийчиликти алып келишкен. Голландиялыктар протестанттык христиандыкты жана испаниялык римдик католицизмди киргизишкен. Япондор синтоизмди алып келишти.

Тайвандын негизги диндери: буддизм , (даосизм, христианчылык жана игуан дао («И-Куан Тао»; "Биримдик жолу"). Буддисттер жана даосчулар эң чоң топтор. Тайвандын тургундарынын көбү конфуцийчилер, бирок конфуцийчилик катуу дин эмес, тескерисинче, саясатка тиешелүү этикалык система жана өзгөчө кытайлык философиялык система. Тайванда көптөгөн адамдар бир нече динди карманат. Ал жерде башка диндер ээн-эркин иш алып барышат жана дүйнөдөгү диний толеранттуу жерлердин бири деп айтылат.

Эки өлкөнүн ортосундагы кырдаал

1987-жылдын аяк ченинен тарта эки өлкөнүн ортосундагы ымала акырындан жакшыра баштаган. 1990-жылы Кытайдын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Тайвань менен Кытайдын биригиши жөнүндө каралган, бирок ал ишке ашкан эмес. Ошондой болсо да финансы-экономикалык жактан байланыштар күчөгөн. 1991-жылы Тайвань өзгөчө кырдаал режимин алып салып, Кытай менен болгон согуш абалын бир тараптуу токтоткон.

2017-жылы АКШ президенти Трамптын администрациясы Тайванга 1,4 миллиард долларлык курал сатууга уруксат бергени Бээжиндин нааразычылыгын жараткан. 2018-жылдын март айында АКШ Тайвань менен байланышты бекемдөөчү мыйзамды кабыл алып, Кытайды кайрадан кыжырдантты. Андан бери эки өлкөнүн ортосундагы мамиле кайрадан кескин солгундап, азыркы тапта абал чыңалган бойдон калууда. Бүгүн расмий Бээжин Тайвандын айланасында аскердик машыгууларын баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан