Ошто эки автоунаа жол кырсыгына кабылып, айдоочулар өз ара кырсыкты талкууга алып жаткан учурда белгисиз атуул кырсыкка кабылган унаанын бирин айдап качты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 1996-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 2022-жылдын 28-июль күнү болжол менен саат 16:10 чамасын Оштогу борбордук базардын жанында белгисиз адам Хонда Жаз унаасын айдап кетип калгандыгын билдирген.
Арыз ээси ошондой эле унаасы менен кичи автобусту сүзүп алгандыгын, унаасын жолдун четине токтотуп кичи автобустун айдоочусу менен сүйлөшүп жаткан учурда бейтааныш жаран унаасынын ачкычын алып койгонун билдирген.
Кийин кичи автобустун айдоочусу менен биргеликте унаа оңдоочу жайга барууну макулдашып, кайра өзүнүн унаасына бара жатканда унаасынын ачкычын алып алган жаран унаасын айдап кетип калгандыгын билдирген.
Ыкчам жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында унааны айдап качканга шектүү катары 32 жаштагы М.Д. аттуу жаран кармалган.
Шектүүнү окуя боюнча сурак кылган учурда ал кичи автобуста баратып, ал бараткан кичи автобус жол кырсыгына кабылган учурда Хонда Жаз үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычын алып коюп, кийин айдап кетип калгандыгын билдирген.
Азыркы учурда арыз ээси Э.Э уулуна таандык Хонда Жаз үлгүсүндөгү унаас тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.