Орусиянын Саратов облусунун соту 3 жарым жана 7 жаштардагы үч небересин, ошондой эле 23 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызынын өлүмүнө шектелип жаткан Марксковский районунун Александровка айылынын 49 жаштагы тургунуна карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кылмыш 2021-жылдын 11-декабрында жасалган. Бирок текшерүү учурундагы тергөө жана процессуалдык аракеттердин, ошондой эле дайындалган экспертизалардын чоң көлөмүнөн улам жакында гана ачылган. Жыйынтыгында аял күнөөсүн моюнуна алып, кылмыштын чоо-жайын айтып берген.
Айыпталуучунун айтымында, ал каза болгондорго сүт шорпосуна уу аралаштырып берген. Ал өзүнүн аракети капысынан жана кастыктан улам болгонун түшүндүргөн. Мындан улам балдар жана алардын апасы 2021-жылдын 13-декабрында каза болгон.
Азыр тергөөчүлөр окуянын бардык жагдайларын аныктоону улантышууда.