14-декабрда Ош облустук сүрөтчүлөр союзу тарабынан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата сүрөт-көргөзмө уюштурулууда. Сүрөт-көргөзмөнүн жүрүшүндө Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрүнүн живопись, графика, скульптура жанрлары боюнча эмгектери коюлат. Мындан сырткары жергиликтүү сүрөтчүлөр жазуучунун калемине таандык чыгармаларынын каармандарын кагаз бетине түшүрүшмөкчү.