Бишкекте көчмө амбулатордук кызмат иштей баштады

Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлорунун көчмө амбулатордук кызматы иштей баштады. Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, мекеме жергиликтүү бюджеттин эсебинен долбоор үчүн 7 унаа сатып алган жана алар №1,2,3,4,5,9,10 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна бөлүштүрүлдү.

Көчмө амбулатордук баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы бейтаптын жашаган жери боюнча медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган жана үй-бүлөлүк дарыгердин жана адистердин кеңешин, диагноз коюуга, дарылоого, реабилитациялоого жана паллиативдик жардамга багытталган медициналык кийлигишүүлөрдү камтыйт.

“Көчмө амбулатордук кызмат төшөктө жаткан, онкологиялык, кургак учук жана паллиативдик бейтаптарга жардам көрсөтөт жана акысыз болот. Кызмат "Тез жардам" чакырууларын тейлебейт жана ооруканага жаткыруу менен алектенбейт. Бул функциялар "Тез жардамдын" кызматында кала берет”, - деп айтылат маалыматта.

Амбулатордук кызмат көрсөтүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

- белгиленген ооруда дарыгер сунуш кылган үй режимин так сактоо зарыл болгондо (дарыгер-консультанттын сунушу боюнча стационардан чыккандан кийин дарыгерди үйгө чакыруу);

- катуу өнөкөт ооруларда, эгерде бейтапты унаа менен ташуу мүмкүн эмес болсо жана кыймылдоо мүмкүнчүлүгү жок болсо;

- оорунун терминалдык стадиясында турган, олуттуу чектелген физикалык жана психикалык мүмкүнчүлүктөрү бар жана интенсивдүү симптоматикалык терапияга, психо-социалдык жардамга, узак мөөнөттүү башка бирөөнүн камкордугуна муктаж инкурабелдүү бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн;

- зарыл болгон учурда стационардан чыккандан кийин оор дартка чалдыккан балдар жана чоңдор айыкканга чейин байкоо жүргүзүү.

- унаа менен ташуу мүмкүн эмес бейтаптарга рецепт жазуу үчүн;

- документтерди жана эмгекке жарамсыздык баракчасын тариздөө менен убактылуу эмгекке жарамсыздыкты экспертизалоо үчүн;

- ооруканага жаткырууга жолдомону тариздөө үчүн.

Кызмат көрсөтүүчү топтун курамында дарыгер, медициналык айым, социалдык кызматкер, психолог, санитар жана ыктыярчылар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан