Жалал-Абадда эки унаа сүзүшүп, бир адам ооруканага жаткырылды

2-август күнү саат 20:30 чамасында Жалал-Абад облусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 401-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 401-чакырымында Таш-Көмүр шаарынын 1993-жылы туулган Ж. у Б. аттуу тургундун башкаруусундагы Хово жүк ташуучу унаасы Ош багыты боюнча бара жатып, жолдун карама-каршы тилкесинде келе жаткан, Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1991-жылы туулган Р. у М. башкаруусундагы Мерседес-Бенц жүк ташуучу унаасы менен сүзүшүп, жол кырсыгына учураган.

Натыйжада Мерседес-Бенц жүк ташуучу унаанын айдоочусу Р. у М. Каракөл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан