Боомдо унаа жол бир тараптуу ачылды

Боом капчыгайындагы Балыкчы-Бишкек багытындагы унаа жол бир тараптуу ачылды.

ӨКМдан билдиришкендей, саат 16:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 136-чакырымында сел суулар түшүп жолду кум шагылга толтурган.

Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иш-чараларына көмөк көрсөтүү максатында ӨКМнын нөөмөттө турган 4 куткаруучу жана №32 ЖТИден 1 жүктөгүч, Кемин райондук бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып саат 17:10дө унаа жол бир тараптуу ачылган.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан