реклама
super.kg logo
Кино

Мамлекеттик орган жетекчилеринин Чүй облусунун калкы менен жолугушуулары аяктады

 

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Чүй облусунун калкы менен жолугушуулары аяктады, ага жалпысынан облустун 2 миңден ашуун тургуну катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кемин жана Чүй райондорунун, ошондой эле Токмок шаарынын тургундары менен жолугушту.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, бул жолугушуулар президенттин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жарандарга даректүү жардам көрсөтүүгө багытталган.

Эки райондун тургундары жерди пайдалануу жана суу менен камсыз кылуу, инфраструктураны жакшыртуу маселелерин көтөрүштү.

Эске салсак, буга чейин Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун тургундары менен жолугушуулар өткөн.

Белгилей кетсек, калк менен бул сыяктуу жолугушуулар өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөт.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
194613;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: