Ош шаарында Деу Матиз үлгүсүндөгү унааны уурдоого шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын тургуну 1975-жылы туулган тургуну милицияга кайрылган. Анда ал Деу Матиз үлгүсүндөгү унаасын 3-август күнү түндө белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп автоунааны табуу, шектүүнү кармоо боюнча кызматкерлерге атайын тергөө тапшырмалары берилген.Аталган окуя боюнча ушул эле күнү автоунаа шаардагы унаа оңдоочу жайга тормозу иштебей калып, оңдотуу үчүн койгон учурда табылган.
Бул кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган К.С. аттуу Ош шаарынын тургуну кармалып тергөөгө камсыздалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.