Ысык-Көлдүн ортосуна толкундан улам спортчу чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышкан. Сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз болууда.
Кырсык катталган көл ортосунда издөө иштерин жүргүзүүгө Балыкчыдан 4 куткаруучу, Тоң районунан 4 куткаруучу тартылды. Учурда чөккөн спортчунун аты-жөнү такталууда. Кошумча маалымат берилет.