Бүгүн "подкаблучниктердин" эл аралык күнү. Өзүн кантип сынаса болот?

Бүгүн, 6-август дүйнөдөгү "подкаблучниктердин" эл аралык күнү.

Статистикага ылайык, күйөөсү подкаблучник болгон үй-бүлөлөр алда канча бекем болот. Бул пикирге кошулуу же кошулбоо ар кимдин өз иши.

Ооба, подкаблучниктер көбүнчө өз эрки жок, демилгени өз колуна алышпайт. Андан тышкары, жоопкерчиликтен качышат. Андай күйөөлөр, албетте, маанилүү чечимдерди кабыл алышпайт.

Подкаблучник болуп калуу дайыма эле мүмкүн эмес экенин белгилей кетүү керек. Күйөөлөр кулдун ролунан тажап, аялынын таасиринен арылууга аракет кылган учурлар да болот. Андай адамдар кээде ийгиликке жетет. Бирок эгерде аялы подкаблучник күйөөсүнө көптөн бери көнүп калган болсо, анда баары татаал болот.

Эркектер подкаблучник экенин кантип текшерсе болот? Бул өтө жөнөкөй:

1. Жан шеригиңизге жагуу үчүн күнүмдүк режимиңизди өзгөртөсүз;

2. Күнөөңүз жок болсо дагы, бат-баттан кечирим сурай баштайсыз;

3. Досторуңуз менен убакыт өткөрүүнү токтотосуз;

4. Мурдагыдай өзүңүз каалаган тамакты жебей каласыз;

5. Ал сизди таштап кетпеш үчүн баарына даяр болуп каласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан