Чүйдө унаасы менен каналга түшүп кеткен айдоочу каза болду

Чүй облусунун Шамшы айылында унаасын башкара албай каналга түшүп кеткен айдоочу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"Шамшы айылында Volvo үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран көз жумган. Жерине саат 03:20да 3 куткаруучу, саат 04:21де кошумча 2 суучул тартылып, унааны суудан чыгарып жарандын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан