Дарбазачы менен кагылышкан футболчу ооруканага түштү (видео)

Молдованын "Зимбру" клубунун голландиялык коргоочусу Донни ван Иперен дарбазачы менен кагылышуудан кийин ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, бул Суперлиганын 2-турунда "Динамо-Авто" клубуна каршы оюнда болгон. Анда ван Иперен дарбазачы менен кагышкандан кийин газонго жыгылып, эсин жоготкон. Дарыгерлер ага биринчи жардам көрсөтүп, андан соң футболчуну Тирасполь шаарындагы ооруканага алып барып, кийин Молдованын борборуна алып кетишкен.

Донни ван Иперен жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан