Бүгүн, 7-августта Бишкектеги Чоң-Арык айылында эки кабаттуу үй толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы Чоң-Арык айылындагы Соликамская көчөсүндө жайгашкан турак үйдө болгон. Өрттү өчүрүүгө саат 04:40та 1 бөлүм, саат 04:53тө дагы бир бөлүм тартылган. Өрт саат 05:51де чектөөгө алынып, 08:44тө толугу менен өчүрүлгөн.
Такталган маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.