Чүй облусунун Аламүдүн районунда тоого мал караганы кеткен адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Октябрская айылы менен Лубиная айылынын ортосуна 6-август күнү У.С. аттуу жаран (малчы) мал кайтарууга чыгып кетип, кайтып келген эмес. Аталган жарандын кийимдери Чүй дарыясынын жээгинен табылгандыгы тууралуу маалымат түштү", - деп билдиришти министрликтен.
Кечээ, 7-августта издөө иштери болуп, натыйжа болгон эмес.