Москвада эки Кыргыз жараны сууга агып кетип каза болду

Москвада Кыргызстандын эки жараны канализация тазалоо учурунда каза болду. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Москванын Люблино аймагында суу түтүгүн тазалап жаткан 13 жумушчу нөшөрлөп жааган жаандан улам шахтага түшүп, айрымдарын суу агызып кеткен. Анын бешөө өз алдынча чыгып, беш кишини куткаруучулар алып чыккан жана дагы үч адам дайынсыз жоголгон.

Кийинчерээк жоголгон үч адамдын жансыз денеси табылган. Алардын экөө Кыргызстандын, бирөө Тажикстандын жараны болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан